Журналист Болот Темиров кандай шарт менен бошотулду? - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Журналист Болот Темиров кандай шарт менен бошотулду?

Baleket.kg — Журналист Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулганын Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милициядан анын кармалышы жана кандай айып коюлуп жаткандыгы боюнча кененирээк маалымат айтылды.

Маалытка караганда, КРнын Жазык кодексинин 283 («Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо») жана 287-беренелерине («Баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды колдонууга жакын») ылайык кылмыш иши козголгон.

Шаардык милициядан кабарлашкандай, Бишкек ШИИБине А.А. аттуу киши кайрылып, Болот деген жаран өзүнүн достору менен аны баңгизат колдонууга үндөп жатканын айткан. Ал эки даректи атаган.

Ошол эле күнү милиция арыздануучу көрсөткөн биринчи дарек менен барып, журналист Болот Темировдун кеңсесин тинтүүгө алган.

«Болот Темиров аттуу жарандын жанынан 7,77 грамм нашаа табылган. Ошол эле күнү Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде Болотбек Назаров аттуу жаран кармалган. Анын жанында 8,69 грамм нашаа бар экени аныкталды. Мындан улам экөө тең кармалган», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бүгүн шектүү Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.

Айта кетсек, кечээ, 22-январда, Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кеткени маалым болгон.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x