Жумгал районунда заманбап шарты бар жаңы мектеп курулду - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Жумгал районунда заманбап шарты бар жаңы мектеп курулду

Baleket.kg —  Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында Айып Идинов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.

Аталган орто мектептин биринчи корпусунун имараты жараксыз абалга келгендиктен, 2019-жылдын октябрь айында Сауд өнүктүрүү фондунан 66 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада 12 окуу кабинети, усулканасы, китепканасы, жыйындар залы, спорт залы, ашканасы менен 225 орундуу заманбап мектеп имараты курулду.

Билим уясынын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү Баян Жамил Абдалла Махмуд, саясатчы Алмамбет Шыкмаматов, Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев, «Зоболо» Эл аралык журналынын башкы редактору Самара Босумбаева, мектеп ысымын алып жүргөн профессор Айып Идиновдун урпактары жана айыл эли катышкан.

Курулуш иштерин «Мерибелл текстиль иншаат» компаниясы жүргүзгөнү айтылды.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x