Жогорку соттун төрайымы кызматы менен кош айтышты - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Жогорку соттун төрайымы кызматы менен кош айтышты

Baleket.kg — Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова президент Садыр Жапаровдун атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын бергендигин Жогорку сот билдирди.

Билдирүүдө жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөнү баса белгиленген.

«Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат», — деп айтылат маалыматта.

Ушул жагдайга байланыштуу Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x