
Baleket.kg — Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун маалымат катчысы болуп дайындалды.
Каимов буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын жана «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматтарын жетектеп, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын төрагасы болуп иштеген.
Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясындагы «Ала-Тоо», «Жетиген», «Кыргызстан» жана «Кыргызстан жумалыгы» маалыматтык-аналитикалык программаларын алып барган.
Булак: Baleket.kg