ЖККУ кыргыз-тажик жаңжалы токтобосо аралашабы? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

ЖККУ кыргыз-тажик жаңжалы токтобосо аралашабы?

Baleket.kg — Бүгүн кечинде кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганынын кесепетинен Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп, бир нече айылда жарык өчтү.

Тактап айтканда, Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды.

Баткен облусунун башка аймактарында электр тармактары штаттык режимде иштеп жатат.

Эске салсак, УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда, саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да жол ачылган. Бирок 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атуучу куралдарын колдонгону айтылган. Коңшу өлкөнүн аскерлери миномёт жана гранатомёт да пайдаланып жатканы кабарланды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Марифжан Тулаев чек аралаш аймакта жашаган элди эвакуациялоо иштери жүргүзүлүп жатканын жана тажик тараптан ок атуу токтотулганын билдирген.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx