Жалган маалымат тараткан сайт 2 айга жабылат. Бул шылтоо менен сөз эркиндиги чектелеби? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Жалган маалымат тараткан сайт 2 айга жабылат. Бул шылтоо менен сөз эркиндиги чектелеби?

Baleket.kg — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернет айдыңында фейк маалымат тараткандарды жазалоо жобосун иштеп чыкты. Ал былтыр чуу менен кабыл алынган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын алкагында даярдалган.

Бул документ менен сайтты же ал сайттын соцтармактагы баракчасы аркылуу адамдын ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирген жалган маалыматтарды тараткандарга колдонулчу чаралар жол-жоболоштурулган. Ошондой эле даттанууларды кабыл алуу тартиби бекитилген. Белгилей кетсек, мында соцтармак колдонуучулары тууралуу жазылган эмес.

Аталган жобо жарандардын жана юридикалык тараптардын укуктары менен эркиндигин коргоо максатында иштелип чыкканы жазылат. Ага ылайык, фейк маалымат боюнча арыз түшсө бийлик соттун чечимисиз эле сайтты жаап салат.

Кимге арызданат?

Даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кабыл алат. Арыздануучу тарап ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирген маалымат тууралуу сайтты же сайттын баракчасын жабуу өтүнүчү менен кайрылат. Бирок алгач ал сайттын ээсинен маалыматты өчүрүшүн талап кылышы шарт. Эгер баш тартса, 24 сааттын ичинде бийлик органына кайрылууга укуктуу.

Сайтты кантип жаап салат?

Арызды кабыл алган мамлекеттик орган 10 жумушчу күндүн ичинде интернет-провайдерге (байланыш оператору жана уюлдук байланыш оператору) сайтты же анын баракчасын эки айлык мөөнөткө жабуу тууралуу кат жөнөтөт.

Интернет-провайдер берилген тапшырманы үч күндүн аралыгында аткарууга милдеттүү. Андан соң сайттын ишин токтоткону тууралуу Байланыш тармактарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кабар берет.

Жазага тартылган сайт ишин чектелген мөөнөтү бүткөндөн кийин уланта алат. Анда дагы чыгарган жалган маалыматын өчүрүшү керек деген шарт коюлган. Ошол эле учурда сайт соттун чечими менен ишин мөөнөтүнөн мурда жандантууга укуктуу.

Сайттын же баракчанын ээси кемчилигин мойнуна алып анык эмес маалыматты өчүрө турган болсо, мамлекеттик органдын макулдугу менен интернет-провайдерлер сайтка коюлган чектөөнү алып салат.

Министрлик мындай норманы «Электр жана почта байланыштары жөнүндө» мыйзамынын 40-беренесине таянып киргизгенин эске салган. Анда минтип жазылат: байланыш каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузуу, жарандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максаттарында пайдаланууга тыюу салынат.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Чуулуу мыйзамдын тарыхы

Алгач «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги — өлкөнүн Баш мыйзамында, бир катар эл аралык келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылган.Кийин ал мыйзам долбоору макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгып, аталышы «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн. 2021-жылдын 28-июлунда аталган мыйзамды ЖК депутаттары колдоп, ал эми 23-августта президент Садыр Жапаров

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x