Жаңы-Жер айыл аймагынын жашоочулары милицияга ыраазычылык билдирди - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Жаңы-Жер айыл аймагынын жашоочулары милицияга ыраазычылык билдирди

Baleket.kg — Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлери райондун акими, жергиликтүү күч структурасынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте эл менен жолугушуп, элдик жыйындарды өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, чек ара, жер, суу, жайыт маселелери көтөрүлүп, талкуулар жүрдү.

Жогоруда аты аталган аймактарда катталган кылмыштар өз учурунда бети ачылып, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери күнү-түнү кайгуулдарда жүрүп жатканын баса белгилешип, жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлеринин аткарып жаткан кызматында маселелер жок экенин билдирип, ыраазычылыктарын айтышты.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx