Юридикалык жардамды телеграммдан акысыз алыңыз - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Юридикалык жардамды телеграммдан акысыз алыңыз

Baleket.kg — Жактоочу Фатима Якупбаева жарандарга укуктук жактан жардам берген «Милдет» аттуу Telegram-бот иштеп чыкты.

Аталган канал аркылуу зомбулукка учураган, алимент ала албай жүргөн же дагы башка юридикалык жардамга муктаж болгондор акысыз кеңеш ала алышат.

«Милдет» боту Европа Биримдиги жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип чыкты.

Якупбаеванын айтымында, Кыргызстанда укуктук багытта жардам көрсөткөн онлайн-кызматтар өнүккөн эмес.

«Юридикалык кеңешти алууга акча-каражаты жоктор үчүн өтө пайдалуу болот. Алар кыска убакытта, өзүнө керектүү маалыматты онлайн түрдө ала алышат,» — дейт өз сөзүндө.

Виртуалдык юрист салык, кардарлардын укугун коргоо, жеке ишкердикке байланыштуу суроолорго да жооп бере алат. Каалоочулар Telegram каналга жазыла алышат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда ажырашкан аялдардын 92%ы балдарына алимент ала алышпай сотко кайрылат. Эркектердин 8%ы ажырашуу учурунда аялынан алимент талап кылат.

Бул шилтеме аркылуу «Милдет» Телеграмм каналына жазылсаңыз болот: https://t.me/MildetBot

Ал эми бул шилтеме аркылуу биздин телеграммга жазылып, эң маанилүү жана кызыктуу жаңылыктар менен дароо таанышып туруңуз: https://t.me/baleketkg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x