
Baleket.kg — Ушул айда бир катар азык-түлүктүн баасы 5-10 %га көтөрүлөт. Бул тууралуу Сатуучулар ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева маалымдады.
Айта кетсек, 24-февраль күнү доллардын баасы 95 сомго жетип, кийинки күнү 89-90го түшкөн. Кийин кайра 97 сомго чыккан. Кыргызстан импорттон көз каранды экенин айта кетишибиз керек. Негизги товарларды өлкө доллар менен сатып алат.
Булак: Baleket.kg