УКМК «Кыргыз жылуулук энергодогу» ири коррупцияны аныктады - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

УКМК «Кыргыз жылуулук энергодогу» ири коррупцияны аныктады

Baleket.kg — «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Чүй облусундагы филиалдарынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталгандыгын УКМК кабарлады.

Билдирүүгө таянсак, от казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы аныкталган.

«Тиешелүү аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик каражатты көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx