Туризм тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд. сом бөлүндү - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Туризм тармагын өнүктүрүүгө 1 млрд. сом бөлүндү

Baleket.kg —  Быйыл туризмди өнүктүрүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымдады.

Анын айтымында, каражат жер бөлүп берүү жана инвесторлорду издөөгө жумшалат.

«Туризм тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болот, жаңы долбоорлор ишке ашат. Азыркы тапта көптөгөн туристтик объектилер жеке менчикте турат. Эгер жеке инвестор өзүнүн инфраструктурасын жакшыртууга белсенсе, мамлекет анын пландарын ишке ашырууга жардам көрсөтүүгө даяр», — деди Жаманкулов.

Баса белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин быйыл жазда бардык туристтик аймактардын жолу оңдолуп, асфальт төшөлөрүн убадалаган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x