Токойлорду сактап калуу үчүн каражат көбүрөөк бөлүнө баштады - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Токойлорду сактап калуу үчүн каражат көбүрөөк бөлүнө баштады

Baleket.kg — Быйыл Кыргызстандын бийлиги токойлорду өстүрүүгө жумшалган каражаттын көлөмүн жогорулатканын Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн «Кыргызстанда токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуп алуу коркунучу барбы? Экологияны коргоо жөнүндө» аттуу брифингге катышты.

«Буга чейин жылына токойлорду сактап калуу жана өстүрүүгө республикалык бюджеттен 70 миллион сомго чейин каражат бөлүнчү. Быйыл бул сумма 30 миллион сомго көбөйтүлүп, 97 миллионго чыкты», — деди Мусаев.

Аны менен катар адис токойлорду калыбына келтирүү долбоорлорун колдоп беребиз деген ниетин билдирген тышкы донорлор көп экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги жылдан жылга абанын температурасынын жогорулашы токойлордун жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына алып келиши мүмкүн экенин билдирген. Экологдор эмитен эле чөлгө айлануу тенденциясы бар экенин айтууда.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x