
Baleket.kg — Таттыбүбү Турсунбаеванын трагедиялуу тагдыры кыргыз коомунда көрө албастыктын чоң тамгалары менен айтылып да, жазылып да калды.
Кылымдар өтүп кыргыз театрынын тарыхындагы сулуунун тагдыры барып-барып армандуу жомок сыяктуу болуп, сахна жылдызы бул жарыкчылыкта ала албай кеткен баасы кылымдар өтсө да аты өчпөстөн, өмүрү уламышка айланган бейне болуп калаар.
Улуу талантты жоготкон убак 1982-жыл болчу. Кайран Таттыбүбү 37 жаш курагында бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин, Таттыбүбүнүн суктандырган сулуулугу, анын кейиштүү тагдыры тууралуу ар кандай баалуу да, баалай албаган ушак-айыңдар да көлөкөдөй самсый ээрчип, айтылып келет.
Айткылачы, теги кыйындын кадырына ким жетти? Бул — кыргыз элинин турмушундагы арылбас шор, кетпес арман…
Таттыбүбү атак-даңкка эрте жетип, 16 жаш курагында элге таанылган. Эскерүүлөрдө Таттыбүбүнүн балалык доору бактылуу өтүптүр. Көз тийгендей зор таланттын аялдык бактысы ченелүү болуптур. А балким, турмуштун мыйзам ченеми ушундайдыр…
Аттиң арман, көөнөрбөс талантыбыз колдон учуп кеткенче баркын билбептирбиз, баалабаптырбыз…