Тажик тарап кайрадан кол салды. Абал оор - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Тажик тарап кайрадан кол салды. Абал оор

Baleket.kg — Саат 21:00гө карата алынган маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турат жана эки өлкөнүн аскерлери тынымсыз атышууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да тажик тарап жаап алган Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгү кайра ачылган.

Бирок, анткен менен 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атычуу куралдарын колдонгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн аскерлеринин атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында болууда. Тажик тарап миномёт жана гранатомёт колдонуп жатканы айтылды.

УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Жерине УКМКнын Баткен облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси, полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Баткен чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров жөнөп кеткен.

Аталган аймактагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx