Тазабек Икрамов мектептерге Манас идеологиясы менен калпакты киргизүүнү сунуштады - Baleket.kg
Саясат

Тазабек Икрамов мектептерге Манас идеологиясы менен калпакты киргизүүнү сунуштады

Baleket.kg — Окуучуларга жаш курагына жараша түрдүү калпак кийгизүү талабын киргизүү керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билим берүү жана илим министрлигине талапкер Алмазбек Бейшеналиевге сунуш кылды.

"Биринчи класстарга комуз предметин, мектептерге Манас идеологиясын киргизүү керек. Мындан сырткары, башталгыч класстарга бир түстөгү, андан кийинкилерге дагы бир түрлүү, чоң класстарга өзүнчө түстүү калпак кийгизүүнү сунуштайм. Себеби, ар бир мектепте форма талап кылынат. Ак калпагыбызды даңазалоо, ата-бабалардан калган салттуу кийимдерди мектепке киргизүүнү VI чакырылыштан бери көтөрүп келе жатам", — деди Икрамов.

Аны менен катар ал министр кызматына талапкер ушул демилгени киргизип берсе жакшы болмоктугун баса белгилеп өттү.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx