Ташманбетова: Коомдук көйгөйлөрдү поэзия аркылуу чагылдырып беребиз - Baleket.kg
Интервью

Ташманбетова: Коомдук көйгөйлөрдү поэзия аркылуу чагылдырып беребиз

Baleket.kg — КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “Ардак грамоталарына”, “Бийиктик” коомдук фондунун “Ак эмгек” орденине арзыган, ушул жана башка бир нече сыйлыктардын ээси, “Кыргыз-Түрк “Манас”” университетинин ага окутуучусу Ташманбетова Таалайгүл Карыбековна менен болгон маекти сунуштайбыз.

— Айтсаңыз, эмгек жолуңуз кандай башталды?

— Эмгек жолум эң сонун башталды. Учурдан пайдаланып, ардактуу кесипке жол көрсөтүп, келечегимден көптү күткөн атам Ташманбетов Карыбекке жана устатым  Замир  Сооронбаевге миң бир ирет алкыш айтам.

Азыр эстесем, атам тээ бир жылдары “Качандыр бир кезде кыргыздын  театр  мектеби  жаралат. Баарыңар артиске айланып, жылдыз болуп кетпейсиңер. Андай болуп кетсеңер болочокто искусствонун жаңы  жаштарын  кимдер  окутат?” дегени туура  жыйырма  жылдан  кийин келди. Дегеним, азыр кыргыз  искусствосуна, анын ичинен театрга, киного, режиссерлукка ж.б.у.с. тармактарга   кесипкөй жаштарды  тарбиялоодобуз.

Устатым Замир Сооронбаев мени  кыймыл  аракетимен байкап, фехтование  сабагынын  мугалими болот деп тарбиялап, күткөн… Бирок “сахна кеби” сабагынын окутуучусу болуп кеттим. Мындан тышкары, кыймыл-аракет  сабагынан да  берип  келем.

— Балдарга бүт дүйнөңүздү арнап, мээримиңизди төгүп сабак бересиз. Сабактан кийин чарчап калсаңыз керек…

— Пандемия убагында сабактар онлайн өтүлүп жаткандыктан анча-мынча кыйынчылыктар болду. Ооба, мындай шартта сабак өтүү актёрлук кесиптин студенттери үчүн өтө татаал экен. Ага карабастан, жаңы методикалык программалар өткөрүлүп, студенттер менен бул жагдайда чыгармачылык жаңылыктарды жасоого, татыктуу билим алууга жетиштик.

Азыр онлайн режиминде кайрадан окуй баштаганыбыздан, ар бир күнүм мурдагыдай көңүлдүү өтүүдө. Сабактан кийин менде чарчоо деген болбойт. Балдарга илим берген сайын кубат топтоп, кандайдыр бир күчкө ээ болом. Андан ырахат алам.

— Демек, мугалимдик кесипти тандаганыңызга өкүнбөйт экенсиз да?

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

— Өкүнбөйм… Мугалимдик кесибим  менен сыймыктанам. Анткени, өз  учурунда атактуу, өз кесибин сүйүп,  бийиктиктерге  жеткен, эл кадырлаган агартуучулар  менен кошо эмгектендим. Ал күндөрдү эстегенимде  ушунчалык  бактылуу болом.

Чынында, мага  агай-эжелерим  азыр да  жетпейт. Аларды көп  эстейм… Айткандарын  унутпайм. Залкар агартуучуларды азыркы  окуп  жаткан  жаңы  кылымдын жаңы  актёрлоруна  жеткиргенге, таанытканга  аракет  кылып  келем. Анткени,  алар  Кыргыз  театрынын  мектебин  жаратып кетишти. Эми  жаңы  кылымда жаңы муунга ошол  мектепти  татыктуу  жана  даңазалуу  өткөрүшүбүз  керек  деп  эсептейм.

Ата-энем да  мугалим, агартуучулар  болгондуктан, мугалимдик  кесип  биздин  үй-бүлөбүз  үчүн сыймыктуу  орунду  ээлейт!

Замир Сооронбаев  агай “Менин шакиртим окууну жаңы бүтүп келди”  деп Б.Бейшеналиева  атындагы Искусство  институтуна  алып барды. Ал кез али  күнгө  чейин  жадымда… Анда мени  жылуу  кабыл  алышканы, кафедранын  коллективи  менен  таанышканым эсимден эч кетпейт.

Окуу жайда профессорлор, додценттер, Кыргыз Республикасына эмгек  сиңирген  эл артистер жана эмгек сиңирген  ишмерлер сабак  беришет  экен. Ооба, Жанузак  Молдобаев, Эрменбек  Токтогулович,  Бекиш  Абдылдаев,  Сарман Асанбеков,  Алмаз  Исабековдорго  окшогон  күчтүү педагогдордун  арасына  кошулушум, алардын  кеп-кеңешин угуу менен мугалимдикке  тарбияланышым —  баа жеткис бактым  болду! Агайларыбыздын  көзү өтүп  кетсе да, алардын артына  таштаган  эмгектери,  окуучулары, шакирттери  бар…

— Дегеле чыныгы мугалим кандай болушу керек?

— Мугалим студент үчүн ишеним арткан, сүйгөн, сыйлаган, кеңешкен,  ар дайым  жол көрсөткөн кесипкөй адам болушу керек.

Студенттердин  арасынан  окууну  бүтүп  жатканда  “Окуу жайыбыз  биздин  экинчи  үйүбүз, сиз экинчи  апабыз  болдуңуз”  деп айтандары  болот. Албетте,  бул үчүн толкуп-ташып кубанасың.

Ооба, тарбияман өткөн улан-кыздардын басымдуу бөлүгү азыр кино-тасмаларга тартылып, теле-радиолордо, массалык маалымат каражаттарында жана башка тармактарда ийгилик жаратып, иштеп кете алышты. Студенттерим менен сыймыктанам.

Кошумчалап айта кетсем, театр жана  кино  тармагында өз кесиби  менен  эмгектенип  жаткан  студенттерим жыл өткөн сайын арбып келе жатат

— Мугалимдиктен тышкары ыр жандуу жаштардын башын кошуп, “Жан дүйнө”  тобун жетектеп келесиз…

— Өзүм ыр жазбасам да, поэзияга, ырга абдан жакынмын. Соңку жылдары не бир деген мыкты ырлардын окулбай калып жатканы жүрөгүмдү өйүтүп жүрдү. Ошондон улам ырга шыктуу балдардын башын бириктирип, поэзия кечелерин уюштуруп баштадык.

“Жан дүйнө” тобу жети дубандан баш калаага келген жаштардан түзүлгөн. Айта кетсем, топ “Нур” алыпбаруучулар мектебинин бүтүрүүчүлөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин актёрлук бөлүмүнүн балдары, КАСИнин, БГУнун, Политехтин, Улуттук университеттин студенттери жана башка тармактагы кесипкөй улан-кыздардан турат.

2014-жылдан бери поэзия окуп, окулган ырлардан сахналаштырып спектаклдерди коюп келебиз. Мындан тышкары, “Жаңы ысым” фестивалына катыштык.

Азыркы тапта жалпы коомдук көйгөйлөрдүн баардыгын поэзия аркылуу чагылдырып берүү боюнча изденүүдөбүз. Буга чейин көптөгөн ийгиликтерди жарата алдык, буйруса, алдыда дагы зор пландарыбыз бар.

— Куруп берген жагымдуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Элдин урмат-сыйында болуп, ден соолукта жүрө бериңиз!

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx