Ташиев: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору жапырт текшерилет - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Ташиев: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору жапырт текшерилет

Baleket.kg — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров берген.

«Азыр айыл өкмөттөрүнөн баштап, министрликтерге чейин, депутаттардын да жогорку билими тууралуу дипломдору текшерилет. Биринчи кезекте кызматкердин жарандыгын, андан кийин билимин тастыктаган документин карайбыз. Эгерде жасалма диплом менен кимдир бирөө аныкталса, аны кызматынан алабыз, мамлекетке ошончо жыл келтирген зыянын сот аркылуу төлөттүрөбүз», — деди Ташиев.

Эске салсак, 20-январь күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу чыры буга чейин да катталган. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып айып төккөндөр да болгон.

Бул шилтеме аркылуу биздин телеграммга жазылып, эң маанилүү жана кызыктуу жаңылыктар менен дароо таанышып туруңуз: https://t.me/baleketkg

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x