Ташиев Баткенден ары коңшу өлкөгө 1 кг азык-түлүк өтсө, «жёстко» кылабы? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Ташиев Баткенден ары коңшу өлкөгө 1 кг азык-түлүк өтсө, «жёстко» кылабы?

Baleket.kg — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин антикризистик чаралар жөнүндө жыйынында Баткенден коңшу өлкөгө бир эле килограмм азык-түлүк чыгып кете турган болсо, катуу чара көрөрүн катуу эскертти.

Ал Бажы кызматы, УКМК, ИИМ, Салык кызматы биргеликте Баткендеги чек араны тыкыр көзөмөлдөө тапшырмасын берди.

«Бардык азык-түлүктү азыр ошол жакка насос сыяктуу тартып кетип атышат. Бир килограмм дагы ун, май, кумшекерди өткөрбөш үчүн чек арага тирүү калкан болуп тургула! Бул — эң негизги тапшырма. Эгер бизден азык-түлүк коңшу өлкөгө чыгып кете турган болсо… Азыр ал жакта ундун, кумшекердин баасы биздегиден 1,5 эсе кымбат, май такыр эле жок. Андыктан алар Кыргызстандан алып кетүүгө камынып жатышат. Өз кызматкерлериңерди тирүү калкан кылып койгула, бир килограмм дагы азык-түлүк өтпөсүн!» — деди Ташиев.

Ошондой эле ал өзгөчө Түштүк бажыдагылар контрабанда боюнча өтө чабал иштеп жатат деп сындады.

Эми чындап эле катуу чара көрөбү же жокпу аны убакыт көрсөтөт.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx