Таалай Бектургановдун ата-энеси күйүткө чыдабай, биринин артынан бири кете берген - Baleket.kg
Тарых барактарында

Таалай Бектургановдун ата-энеси күйүткө чыдабай, биринин артынан бири кете берген

Baleket.kg — Студент кезинен тарта чыгармачылыкка ыктап, ырларды жарата баштаган Таалай Бектургановдун ысымы кыргыз элине тез эле тарады. Кийин «Назира» аттуу чыгармасы чыгып, ар кандай кеп-сөздөр эл ичинде желдей тарады.

Чынында, Таалай менен Назира жаш кезинде сүйлөшүп жүрүшчү экен. «Баш кошобуз» дешкенде, кыздын ата-энеси каршы чыгып, аруу тилектери ишке ашпай калбадыбы.

1995-жылы май айында өз айылына ырчылар менен концерт коюп барганда, Жылдыз аттуу кыз менен таанышат. Ал ортодо Чолпон аттуу бир тууганыны бир ишке күнөөлөнүп, камалып калган тура.

Таалай менен Жылдыз баш кошоордо «Агам камакта жатса, менин үйлөнгөнүм туура болбой калат. Россияга барып иштеп, ноябрда келип үйлөнүп, агамды абактан чыгарып, чындык үчүн күрөшөм» деп бир туугандарына айтып кетип, тилекке каршы, «Адилеттик үчүн күрөшөм» деген Т.Бектургановдун Россиядан жансыз денеси келген.

Ал курман болгондо, сүйлөшкөн кызы Жылдыз да келет. Маркумдун апасы анын мугалиминен «Кош бойлуу бекен сурачы, баласын өзүм эле багып алам» дегенинде, кыз «жок» деп башын чайкаптыр.

Артына туяк калтырбай кеткени анын үй-бүлөсүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз журтун муңга батырды. Ырчы жигит дүйнөдөн өткөндөн кийин, ата-энеси күйүткө чыдабай, биринин артынан бири дүйнө салып кете бериптир. Эх, бири кем дүйнө…

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x