Т.Усубалиевдин айкелинин ачылышында акимге сөз бербей, тебелештиби? - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Т.Усубалиевдин айкелинин ачылышында акимге сөз бербей, тебелештиби?

Baleket.kg — Эске сала кетсек, кечээ, 11-мартта, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин кичи мекени Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда көрүнүктүү ишмердин эстелигинин ачылышы болду.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын шалаакылыгы бетке чапкандай көрүнүп, а дегенде эле акимге сөз бербей коюшту. Эреже боюнча, алгач акимге сөз берилиши керек болчу.

«Иш-чаранын алкагында сүйлөп калаар» деп күткөн көрүүчүлөрдүн көзүнө аким көрүнүп, сөз сүйлөбөдү. Акимди «сүйлөбө» деп жектештиби же унутта калтырып коюштубу, анысы белгисиз.

Бул боюнча Кочкор районунун акими менен байланышып, комментарий алууга мүмкүнчүлүк болбодубу.

Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Кыргызстандын келечекте эгемендүү мамлекет катары өнүгүшүнө экономикалык, социалдык жана маданий зор салым кошкон.

Айта кетсек, Турдакун Усубалиевдин эстелиги атайын буйрутма аркылуу Екатеринбург шаарындагы Иван Дубровин аттуу атактуу эстелик куюучу устанын цехинен 1000 жылдык кепилдиги менен жогорку сапаттагы колодон 1,3 тонна салмакта куюлуп келген.

Эстелик менен постаменти сапаттуу материалдан. Ал заманбап технология менен курулуп, бул аны жер титирөө жана башка табигый кырсыктарга туруктуу кылат.

Эстеликтин бийиктиги 2,7 метр, жалпы постаменти менен жерден бийиктиги 8,7 метр.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx