Төкмө акын камактан бошотулду - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Төкмө акын камактан бошотулду

Baleket.kg — Төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Бир нече мүнөт мурда Бишкек шаардык милициясынын имаратынан аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда алып чыгышты.

Абдиев журналисттерге «Азыр сотко алынып баратат, мыйзамдуулугун текшергенге. Үй камагына чыгарылды. Ал жерде 15-20 мүнөт болот, андан кийин үйүнө кетет» деп билдирди.

Назаров өзү аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, «Ак ийилет, сынбайт» деп айтты.

Бир нече күн мурун Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев бүгүн, 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын билдирди.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Төкмө акын Болот Назаров «Ютуб» каналына бир нече ай мурда «Эки дос», «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармаларын жарыялаган, анда өлкө жетекчилеринин сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx