Төкмө акын Болотбек Назаров убактылуу камакка алынды - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Төкмө акын Болотбек Назаров убактылуу камакка алынды

Baleket.kg — Бишкек шаарындагы Турусбеков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен комузчу Назаров Болотбек Койчубаевич кармалды.

ШИИБдин маалыматы боюнча, андан 14,71 грамм салмактагы, атайын жыты бар зат табылган.

Экспертизанын корутундусунда ал зат 8,69 грамм салмактагы гашиш экени айтылып, Назаров 23-январда ШИИБге убактылуу камакка алынды.

Буга дейре маалымдалгандай, милиция кызматкерлерине кайрылган аял киши «Болот» аттуу жаран баңгизат менен байланышы бар экенин билдирген.

Айта кетсек, төкмө акын кечээ баңгизатка байланыштуу кармалып, 23-январда бошотулган журналист Болот Темиров менен бирге эмгектенет.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x