Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү табылды - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбүЫсык жаңылык

Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү табылды

Baleket.kg — Кытайдын окумуштуулары Түштүк Африкада табылган NeoCoV деп аталган жаңы коронавирустун адамдардын организмине кирип, андан ары тарап кетүү тобокелдиги тууралуу билдиришти.

«Аталган топтогу вирустардын кандай тарай тургандыгын, тагыраагы, адамдарда пайда болобу же жокпу деген шектенүү менен да карап, дыкат изилдеп чыгыш керек», — деп айтылат bioRxiv порталынын маалыматында.

Адистердин пикирине таянсак, адамдын организмине кириш үчүн вирус мутацияланышы керек. Азырынча ал жарганаттарга гана кооптуулук жаратып турат.

Анткен менен окумуштуулар көп нерселерде NeoCoV коронавирусунун табияты мурдагыдай эле табышмактуу бойдон калып жаткандыгын белгилешүүдө.

Учурда аталган изилдөө препринт статусунда турары, эми аны эксперттер текшерип чыгуусу зарыл экендиги баса белгиленди.

Препринт — авторлор ачык илимий платформага жарыялаган кол жазма. Анын макаладан негизги айырмасы токтоосуз жарыяланат, бирок рецензияланбайт.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x