Студеттер тамак жебей, ашказан ооруларына көп чалдыгууда - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Студеттер тамак жебей, ашказан ооруларына көп чалдыгууда

Baleket.kg — Студенттердин окуу графиги тыгыз болгондуктан тамактанууга убактысы жетпей, ашказан ооруларына көп чалдыгууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева айтып чыкты.

Мындан улам ал президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, студенттердин окуу жүктөмүн азайтууну сунуштап өттү.

«Ата-энелер студенттерге көп күч келип жатканын айтып нааразы болууда. Убагында түшкү тамагын иче албай, гастрит, ашказан жарасы менен ооруп калгандар бар экен. Ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар. Мурда өзүнчө режим менен түшкү тамактанууга убакыт бөлүнчү эле. Азыр ошол убактысы аябай кыскарып калыптыр. Окуу жүктөмдөрү аябай көбөйдү, чай ичип, пирожки жеп алганга да жетишпейт экен. Анан окууга даярданам деп түнү да эки сааттан эле уктамай болуп калды. Ата-энелер мага «балдарыбыз окууну бүткөндө такыр эле оорукчан болуп калабы» деп кайрылууда», — деди Раимбачаева.

Эл өкүлү ЖОЖдордун окуу графигин карап чыгып, жүктөмдөрдү азайтып, тамактанууга көбүрөөк убакыт берүү керектигин белгиледи.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx