Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы вице-президенти кармалды - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы вице-президенти кармалды

Baleket.kg — Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы вице-президенти Ш.К.А. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратура тарабынан Ш.К.А. жана Д.Н.Э. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттери боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, биринчи жаран кармалып, экинчисине эл аралык издөө жарыяланганы кабарланды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 13 жыл мурдагы иш ачылган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө 2009-жылы Д.Н.Э. жана Ш.К.А. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 миллион сомго ири өлчөмдө ун сатып алышкандыгы аныкталган. Бирок бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген», — деп айтылган маалыматта.

Аны менен катар, алар С.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү ага 15 миллион 705 миң сомго сатып, аталган жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкени айтылды.

Башкы прокуратура учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx