Шаирбек Ташиевдин мандаты алынат - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Шаирбек Ташиевдин мандаты алынат

Baleket.kg — Шаирбек Ташиев жакынкы күндөрү депутаттык мандатын тапшырып берет. Бул тууралуу агасы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

УКМКнын төрагасынын айтымында, мындай чечим мурдагы жетекчилердин катасын кайталабоо максатында кабыл алынган.

“Коомдогу сын-пикирлерди угуп жаткан соң, мен инимди чакырып, «Бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшырып бер» деп айттым. Ал парламенттин шаршемби күнкү жыйынында депутаттыктан баш тартат.

Буга чейинки жетекчилердин жакындарын аралаштырып жүргөнүн көргөнбүз. Аны кайталабай, азыр саясатта мен эле болушум керек. Мен кызматтан кеткенден кийин иним каалаган кызматына келип иштей берсин”, — деди Ташиев.

Эске салсак, УКМК төрагасынын бир тууган иниси Шаирбек Ташиев № 14 Жалал-Абад шайлоо округунан шайланып келген. Ошондон бери азыркы күнгө чейин ага болгон нааразычылыктар токтобой келет.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x