Шаирбек Ташиев мандатын тапшырбай турганын айтты - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Шаирбек Ташиев мандатын тапшырбай турганын айтты

Baleket.kg — Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшырбай турганын билдирди.

Ал парламенттин бүгүнкү жыйынына түштөн кийин гана келген. Журналисттер мандатын тапшыруу тууралуу комментарий беришин сураганда, кийинчерээк расмий билдирүү жасай турганын айтып өттү.

«Мандатын тапшырбайт экен деп жаза бергиле», — деген жооп менен чектелди эл өкүлү.

Айта кетсек, 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын туугандары аралашкан «Кыргыз мунай газ» мекемесиндеги бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жооп берген. Анда бир үй-бүлөгө бир гана саясатчы жетерин айтып, иниси Шаирбек менен мандатын тапшырууга макулдашканын билдирген.

Аталган маселени тыкыр иликтеп чыгуу үчүн «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы төрага Талант Мамытовго да кайрылган.

Шаирбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган болчу.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx