“Сейф бизнестин” жетекчиси Гүлжайна Атаканованын үстүнөн арыз жазды - Baleket.kg
КоомШоу-бизнесЫсык жаңылык

“Сейф бизнестин” жетекчиси Гүлжайна Атаканованын үстүнөн арыз жазды

Baleket.kg — Куудул Гулжайна Атаканованын үстүнөн  “Сейф бизнестин” жетекчиси  Бакыт Алиев арыз жазып, милицияга кайрылгандыгын куудул айым өзү интернет баракчасына жазып чыкты.

“Бүгүн менде дагы бир жаңылык болду. Арызды колума алып, окуганча ишенген жокмун. Көргөндө көргөн көзүмө ишенбедим, кайра – кайра окудум.  Эгер такыр чечилбей турган маселе болсо да, мынчалык шок болбойт элем. Күтпөгөм эч качан. “Сооптун түбү тешик”- деген ушул беле?! Канча адамдар «арыз жазабыз» десе, “койгула, андай кылбагыла, баары изине түшүп кетет… Көрөсүңөр го, мурдагыдай иштейт али”- деп таламын талашып жүргөнүмө жол болсун. Арыз жазганга кантип колу барды? Кантип калем сапты кармап жазды?  Жазып жатканда көз алдына ушунча чогуу жүрүп, чогуу иштеп, ысык-суукта чогуу болгондор кантип келбеди? Бакыт Алиев, ушундай адам белеңер? Менин жакшылыгымды унутуп койгон болсоңор, Кудай таразаласын!”-деп жазган.

Учурда Атаканованын билдирүүсү катуу талкууга алынууда.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x