Сардал Абдураимова, психолог: Оор депрессиядан чыга албай, акыры суцидге барышат - Baleket.kg
ИнтервьюПайдалуу

Сардал Абдураимова, психолог: Оор депрессиядан чыга албай, акыры суцидге барышат

Baleket.kg — Дүйнөнүн 14 миллионерлеринин сабактарына катышып, 18 мамлекетте жүрүп, көптөгөн илим топтоп келген белгилүү валеолог, психолог, жеке ишкер Абдураимова Сардал Маматовна менен маектештик.

— Сардал эже, бактысыз адамдар кимдер?

Чыныгы бактысыз адамдар кимдер билесизби? Бактысыз адамдар – өзүн өзү сүйбөгөндөр, өзүн өзү баалай албагандар жана өзүн сыйлабагандар…

«Бакыт» деген эмне? Бакыт — адамга ырахат тартуулаган абал. Жакшы менен жаманды ылгап, ошого жараша жашоо.

Ооба, адамдык улуу сапатты туу тутуп, ааламдын чындыгын аңдап билип, түшүнүп, өткөн окуядан сабак алып, жашоонун ырахатын татып, жашоого жаралгандын өзү бакыт. Бакыттын ачкычы адамдын өзүнүн колунда. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок! Өмүрдүн өзөгүн өзүбүз түзөбүз. Ал эми өмүрдүн өзөгү деген – өзүн өзү таануу. Өзүн тааныган адам жашоодогу жакшы ордун табат. Элибизде “Ордун тапкан оңолгон, ордун таппас жоголгон” деген накыл кеп бар.

Өзүн тапкан адам эч качан ачууга алдырбайт, шашылбайт… Күндүн артынан түндүн келээрин, түндүн артынан күндүн тийээрин билет.

Бактысыздыкты өзүбүз жаратабыз. Жараткандын адамга берген мүмкүнчүлүгү абдан көп. Бирок туура пайдалана албайбыз. Керексиз ойлорду ойлоп, тагдырыбызга залал жеткизген жактарга сарптайбыз.

Адам баласына жараткандан берилген энергиясын оң-терс деп бөлүп алсак болот. Адам терс (негатив) ойлору менен өзүнө жол болбостукту жана бактысыздыкты чакырат. Ал эми оң (позитив) ой менен жан дүйнөгө тынчтык орнотуп, бактылуулук энергиясы менен жашайт. Демек, бактылуу болуубуз да, бактысыз болуубуз да өз тандообузда.

— А өзүбүздү өзүбүз кантип сүйөбүз?

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

— «Өзүбүздү сүйүү» деген эмне? Биринчи ушуну туура түшүнүшүбүз керек. Сүйүү – жашоонун маңызы. Жараткандын сүйүүсүнө ээ болуу үчүн – адам алгач өзүн өзү сүйүүнү үйрөнүшү керек.

Эгер билсеңиз, сиз бар үчүн – жакын адамдарыңыз, досторуңуз, тааныштарыңыз, кесиптештериңиз, үй-жайыңыз, дегеле аалам бар. Демек, сиз бар үчүн – жашоо бар. Эгер сиз жок болсоңуз, булар кайдан болмок?!! Ошондуктан, сиздин жашооңузда эң биринчи орунда сиз турасыз. Ооба, сиз! Андыктан, сиз өзүңүздөн кемчилик издебей, өзүңүз кандай жаралсаңыз, ошондой кабыл алып, баалап, сүйө билишиңиз керек. Эгер сиз өзүңүздү өзүңүз сүйбөсөңүз, сизди ким сүйөт? Ооба, өзүңүздү өзүңүз сыйлабай, кемсинтип, жек көрсөңүз, сизди ким сыйлап, жакшы көрөт? Мына ушул суроону өзүңүзгө берип көрдүңүз беле?..

— Эмне үчүн адамдар суицидге барууну жалгыз жол деп эсептешет?

— Адамда психология түшүнүгү болбогондуктан, көп адамдар жан дүйнөсүн талкалап, жашоосун негативге толтуруп, жанын кыйнап алат. Ар бир адамдын жаны өзүнө гана таандык. Айрыкча өзүн сүйбөгөн адамдын жаны көбүрөөк кыйналат.

Ар кандай кеп-сөздү жүрөккө жакын алып, өзүнүн денесине өзү батпай сыгыла берет… Ушул учурда адамдын жаны өзүнөн алыстап кетет. Дегеним, адам өзүн көзөмөлдөй албай калат. Ошо менен депрессияга чалдыгып, өзүн-өзү кемсинтип, аалам тургай өзүн жек көрүп,  жеңил, оңой жашоону оорлотуп алышат. Мындай оор депрессиядан чыга албай, акыры мунун жалгыз жолу суцидге баруу деп чечишет. Башта айтып өткөндөй, өзүн өзү көзөмөлдөй албай калгандыктан, кантип өз жанын кыйып жибергенин да байкабай калышат.

Адам баласы өзүн тааныгандан баштап, ааламды таанып, ага болгон сүйүүсү артат. Эгер мектептен баштап, жогорку окуу жайларына чейин психологиялык сабактар толук өтүлө турган болсо, мындай көрүнүштөр такыр болбойт эле. Албетте, кээ бир жогорку окуу жайларда мындай сабактар бар. Бирок бул сабактар бүгүнкү күнгө чейин жетиштүү деңгээлде өтүлбөй келет.

“Психология” десе, адамдарда терс түшүнүктөр болбошу керек. Тетирисинче жашоонун психологиясын көбүрөөк түшүнүүгө аракет кылып, изденүү кажет! Психологдорго бат-бат кайрылып, кеңеш алып турган жакшы. А психология илимин окуган — андан да көбүрөөк пайда берет.

— Өзүбүзгө болгон ишенимди кантип бекемдей алабыз?

— «Ишеним» – улуу күчкө ээ. Эң биринчи жараткан Аллах Тааланын кудурети менен жарык дүйнөгө жаралганыңа ишенүү керек. Андан соң, өзүбүзгө болгон ишенимди бекемдөөбүз абзел.

Билип коюңуз, өзүнө ишенген адамдар бул өмүрдө бийиктиктерге жетише алышат. Жашоодогу чечилбеген маселелерди чечүүгө – өзүнө болгон ишеним чоң мүмкүнчүлүк берет. Ал эми өзүнө ишенбегендер баардык жерде чегинишет. Кыйынчылыктарга туруштук бере алышпайт. Жана да айтканымдай, депрессияга көп чалдыгышат. Өзүнө канааттанышпайт. Себеби, өзүнүн алсыздыгын сезишет…

Мен адамдын жакшы жакка өзгөрө алышына ишенем. Эгерде өзүнүн үстүнөн жалкоолонбой иштеп койсо, адам ар дайым өзгөрө алат. Өкүнүчтүүсү муну көбү каалаганы менен, ар дайым эле аткара беришпейт. Аллах Таала адамды ар кандай кыйынчылыктарды жеңип кете тургандай жараткан. Ошондуктан, адам эмнени кааласа, ошого жете алат. Албетте, өзүнө болгон ишеним күчтүү болсо…

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx