Садыр Жапаров сыйкырчыбы? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Садыр Жапаров сыйкырчыбы?

Baleket.kg — Эгемендүүлүктү алгандан бери өнүкпөгөн мамлекет Жапаров президент болоор менен аз убакыттын ичинде өнүгүп кетмек беле?

Кызык эле калкпыз, президентти жомоктогу сыйкырдуу таякчасы бар сыйкырчыдай, же Аладиндин кумарасында жаткан Джиндей эле көрөбүз го чиркин.

Оюбузда «Андан бол, мындан бол, бир заматта пайда бол! Сүф…» эте Бишкекти Сингапур, аймактарды Европа кылып ийчүдөй сезим жашайт. Керебетте керилип жатып, жылаңач баатыр болбой мээни иштетип, коомго кандай пайда келтирем деп ойлонсок оң болчудай.

Талкаланып, таланып-тонолгон өлкөнү өнүктүрүү үчүн көп убакыт керек экенин да аңдабайбыз. Журт атасы менен тең болуп, бели ката элек жаш балдардан бери «Саке» деп теңтуш кылып алышат. Качан эле кыргыз ушунчалык тарбиясыздыкка жетти эле? Же чындап эле батыштын тарбиясы толугу менен сиңип кеттиби?

Саясаттын сазайын берип отура бербей, маданият тармагына деле көңүл буруп койсоңор. Эртең маданиятыбыз жардыланып калганда баш мыкчып отурбайлы!

Пайдабыз тийбесе да, жок дегенде зыяныбызды тийгизбейли.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx