Садыр Жапаров: Акчасы барлар, алтын сатып алгыла! - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Садыр Жапаров: Акчасы барлар, алтын сатып алгыла!

Baleket.kg — Акчасы бар жарандар, Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. Дал ушинтип президент Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы каражатты алтынга салуу абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

«Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Валютанын куну качат, алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбызга Улуттук банктан алтын сатып алууну сунуштайм», — деди президент.

Ал алтынды бир граммдан баштап 13 килограммга чейинки куймаларын каалаган көлөмдө сатып алса болорун кеп кылды.

«Көлөмүнө чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетсе дагы болот. Эч кандай төлөмдөр жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким өзү каалагандай сактаса болот», — деди Жапаров.

Президент кошумчалагандай, кайсы убакта болбосун, алтынды кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсе болот. Мекеме сиз сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа менен сатып алат.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx