
Baleket.kg — Россия бийлиги Украинадагы элчилигин Киевден көчүрүп кетүү планы жок экенин билдирди. Бул тууралуу "РИА новости" жазып чыкты. Маалыматка караганда, азыркы тапта Россиянын Украинадагы элчилиги өз ишин улантууда. Айта кетсек, буга чейин бир катар батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаал курчуп кетүү коркунучу тууралуу билдирүүлөрдөн улам, өз дипломаттарын Киевден толук же жарым-жартылай эвакуациялоо чечимин кабыл алышкан. Атап айтканда, Улуу Британия менен АКШ мындай кадамга биринчилерден болуп барды. Соңку айларда Россия менен батыштын мамилеси ого бетер түтөп, Украинанын айланасында кырдаал катуу курчуй түштү. Булак: Baleket.kg