РФтин өкүлү: ЮНЕСКОнун Россияга жалаа жабуу ою ишке ашпай калды - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбү

РФтин өкүлү: ЮНЕСКОнун Россияга жалаа жабуу ою ишке ашпай калды

Baleket.kg — ЮНЕСКОдо Украинадагы кырдаалдан улам Россияга жалаа жабууну көздөшкөн, бирок бир добуштан айыптоо өтпөй калгагдыгын Россиянын аталган уюмдагы өкүлүнүн орун басары Татьяна Довгаленко билдиргенин РИА Новости жазды.

ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында 15-16-март күндөрү уюмдун аткаруу кеңешинин жетинчи кезексиз жыйыны өткөн. Ал Батыш өлкөлөрүнүн демилгеси менен кезектеги 214-жыйынга эки жума калганда уюштурулган.

Довгаленко уюм 75 жылдык тарыхында бир да жолу кандайдыр бир жаңжал боюнча атайын сессия өткөрбөгөнүн эске салды.

«Эмнеге (сессияны уюштурганы — ред.) экени түшүнүктүү, бизге коомчулуктун алдында жалаа жабууну каалашкан. Бирок мындай аракет көп өлкөлөргө жаккан жок, себеби алар чуу түшүп жаткан батышчылдар өздөрүнүн геосаясий амбициясын канааттандыруу үчүн уюмду барымтага алууга даяр экенин түшүнүшөт», — деди ал «Соловьев Live» долбоорунун эфиринде.

Аны менен катар атайын өкүлдүн орун басары бул кооптуу прецедентти жаратып, ЮНЕСКОнун салттуу мандатын булгай турганын белгиледи.

«Ооба, ЮНЕСКО эстеликтердин, тарыхый мураска кирген объектилердин тагдырына камтама болуп жатканын айтууда. Бирок кечириңиздер, ушул эле уюм биз тынбай чакырык таштаганыбызга карабай Сириянын уникалдуу мурастарын сактап калууга жана активдүү жардам көрсөтүүгө кол шилтеп койгон», — деди Довгаленко.

Мындан тышкары ал кош стандарт болуп жатат деп сындады. Анын айтымында, ЮНЕСКОнун сессиясында Россияны бир добуштан айыптоо өтпөй калды, себеби көп өлкөлөр позициясын карманып жана кошулбай турганын билдиришкен.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x