
Baleket.kg — Жакын арада улуттук валюта катуу басымга кабылышы ыктымал. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
«Соңку күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга баанын бир топ жогорулоосунан улам өлкө кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Ун жана башка дан азыктары кымбаттады. Жакын арада улуттук валютабыз катуу басымга кабылышы ыктымал. Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деген Садыр Жапаров өз сөзүндө.
Ал ишкерлерге кайрылып, өндүрүштүк ишканаларды түзүп, Кыргызстандан чыккан продукцияларды экспортко көбүрөөк чыгаруу зарылдыгына токтолгон.
Булак: Baleket.kg