Президент убадалаган жаңы стадион качан курулат? - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Президент убадалаган жаңы стадион качан курулат?

Baleket.kg — Бишкекте жаңы футбол стадиону 2-4 жыл аралыгында курулуп бүтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыков билдирди.

«Учурда жер маселеси кармап турат. Президенттин иш башкармалыгы менен баардык тийиштүү кызматтар курулуш иши үчүн жер участогун караштырып жатат. Биз тараптан концепция иштелип чыккан. Стадион Түштүк магистраль тарапта болот деп турабыз. Курулуш иштери 2-4 жылда соңуна чыгышы керек. Баардыгы подрядчыларды каржылоодон көз каранды. Биринчи кезекте биз жер участогун аныктап алышыбыз керек», — деди Сыдыков.

Футбол — бул Кыргызстандагы спорттун популярдуу түрүнүн бири. Бийлик күйөрмандарга үч жыл мурда жаңы стадион убадалаган, бирок курулуш иштери дагы деле баштала элек. Өткөн жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаров Бишкекте 30 миң адамга ылайыкталган стадион куруларын убадалаган.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx