Президент: Афган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Президент: Афган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок

Baleket.kg — Өлкө башчы Садыр Жапаров советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата ардагерлерге кайрылуу жолдоду.

Анда президент 15-февраль афган согушунда курман болгондорду эскерүү менен ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү салтка айланганын эске салды.

«Афган согушунун аяктаганына 33 жыл болду. Советтик аскерлердин катарында сиздер да тайманбай, өлүмгө тике карап, душмандардын көптөгөн колун жок кылып, мизин кайтарып келгенсиздер. Тилекке каршы, афган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок. «Афган синдромун» туура он жылдан кийин «Баткен окуясы» деген ат менен калган куралдуу кагылышта Мекенди коргоого биринчи болуп афган ардагерлери аттанып чыгышкан», — деди президент.

Аны менен катар Жапаров мындай маанилүү күндү белгилеп, афганчылардын эрдигин даңазалоо жаш муундун Мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин негизги максаты экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда президент ардагерлерге жана алардын жакындарына ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш каалап өттү.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx