Пакистанда Куран китебин өрттөдү делген киши таш менен өлтүрүлдү - Baleket.kg
Дүйнөгө дүрбүЫсык жаңылык

Пакистанда Куран китебин өрттөдү делген киши таш менен өлтүрүлдү

Baleket.kg — Пакистандын Пенджаб провинциясындагы Ханевал округундагы айылдардын биринде жарандар тобу Куран китебин өрттөдү деп шектелген кишини өлтүрүп салышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, ал 12-февралда ислам дининин ыйык китебин өрттөп жатканын көргөнүн жергиликтүү мечиттин кызматкери тургундарга айтып берген. Жүздөгөн жарандар аны ташбараңга алып, жанчып салышкан.

Чогулгандар окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Укук коргоо органдары маркумдун сөөгүн алып кетишкен жана иликтөө иштерин башташкан. Кылмышка байланыштуу бир нече адам кармалды.

“Биз мыйзамды өз колуна алып алгандарды айыптайбыз. Соттун өкүмү жок өз алдынча жазалоо аракеттерине мыйзамдын негизинде күрөшөбүз”,-деп жазды инциденттен кийин Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

Өкмөт башчынын дин иштери боюнча өкүлү Тахир Ашрафи атайын басма сөз жыйынында каза болгон жарандын жакындары ал “психикалык жактан оорулуу болгонун, 10-15 жылдан бери жасап жаткан нерселерин аңдабай турганын” айтканын билдирди.

Пакистанда кудайга, динге жана Куран китебине акаарат келтиргендер өлүм жазасына тартылат. Бирок коомчулукта ага айыпталган жарандарга карата чабуулдар улам-улам катталып турат. Укук коргоо уюмдары мындай айыптоолор көбүнчө диний азчылыктарды коркутуу үчүн жана жеке өч алуу үчүн колдонулуп келерин коңгуроо кагып келишет.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx