Ошто калем саптын башын жутуп алган окуучу ооруканага жетпей көз жумду - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Ошто калем саптын башын жутуп алган окуучу ооруканага жетпей көз жумду

Baleket.kg — Ош шаарындагы 1-класстын окуучусу калем саптын капкагын жутуп алып каза тапты.

Мындай маалыматты Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Юсупова тастыктады.

Анын айтымында, окуя кечээ, 26-январь күнү, шаардагы №48 мектепте катталган.

Каза болгон бала 1-класстын окуучусу болгон. Ал сабактан чыгып, үйүнө жөнөп жатканда калем саптын капкагын оозуна салган. Ошол мезгилде баланын апасы аны мектептен алып кетүү үчүн келген.

Окуя болгон учурда баланын апасы, мугалими, мектептин директору да ошол жерде болгон. Тез жардам кызматы чакырылып, жеткинчек ооруканага жетпей көз жумган.

Баланын ата-энеси мугалимдерге, мектеп жетекчилигине эч кандай доо арызы жок экендигин билдирди.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x