Ошто бир күндө 35 кылмыштын бети ачылды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Ошто бир күндө 35 кылмыштын бети ачылды

Baleket.kg — Ош шаарында «Ууру» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагындагы мүлк уурулуктарынын алдын алуу, бул багыттагы кылмыштуулукка ыктаган жарандарды аныктоо, алдын алуу иш чараларын жүргүзүү жана мурда катталган уурулук кылмыштарынын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери «Ууру» деген шарттуу аталыштагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чараны өткөрүп жатышат.

Бул иш-чара 15-16-февраль күндөрү Ош шаарынын аймагында өткөрүлдү.

Аталган иш-чараны өткөрүү алдында башкармачылыктын, бөлүмдөрдүн жетекчилиги тарабынан өздүк курамга тиешелүү тапшырмалар, көрсөтмөлөр берилген.

Иш-чаранын талабына ылайык, бул күндөрү милиция кызматкерлери бир топ комплекстүү иштерди аткарышты. Айта кетсек, мурда катталган уурулуктардын бетин ачуу, уурулук менен алектенген топторду табуу жана аларды жоопкерчиликке тартуу иштери аткарылган.

Негизги көӊүл биринчи кезекте профилактикалык иш-чараларга жумшалган. Иш-чаранын планында көрсөтүлгөндөй, алдын алуу иш-чаралары окуу жайларда, соода түйүндөрдө, автобекеттерде, маршруттук каттамдарда өткөрүлдү.

Жарандарга өз буюмдарына сак болуу боюнча эскертүүлөр автоунаа базарында, борбордук базарларда жана кичибазарларда ишке ашууда. Аны менен катар жарандарга жеке буюмдарга сак болуу боюнча эскертмелер таратылууда.

«Ууру» аталышындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чаранын алгачкы күнүндө, тактап айтканда 15-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгын кызматкерлери тарабынан 35 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинен уурулук-16, алдамчылык-8, тоноо-2. Мурда жасаган кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн 1 жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандардан уурулуктар же, уурулук менен алектенген жарандар тууралуу маалыматтары болсо, 03222-4-82-82 номери аркылуу кабарлап коюну өтүнөт. Маалымат берген адам тууралуу купуя сыр сакталмакчы.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x