Ошто өткөрүлгөн «Крутой» рейдинин жүрүшүндө 600 протокол түзүлдү - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Ошто өткөрүлгөн «Крутой» рейдинин жүрүшүндө 600 протокол түзүлдү

Baleket.kg — Ушул жылдын 25-26-февраль күндөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы «Крутой» аталышындагы рейд өткөргөндүгү тууралуу Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн Басма сөз кызматы кабарлады.

«Крутой» рейди жол унаа кырсыктарын алдын алууга, жол эрежелерин сактоого багытталган.

Рейддин алкагында жалпы 600 протокол түзүлдү. Анын ичинен айып короого 40 унаа токтотулду. Унаанын айнектерин караңгылатуу боюнча 10 протокол, айдоочунун тишелүү макылдашуусу жок кошумча жабдык орнотуп алгандарга 4 протокол, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 15 протокол, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн туура эмес өткөн жарандарга 25 протокол, транспорт каражаттарын, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга 300 протокол, жол тескөөчүсүнө баш ийбеген жаранга 1 протокол, тиешелүү документтери жок айдоочуларга 15 протокол, башка эрежелерди бузган айдоочуларга дагы бир канча протоколдор түзүлдү.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x