Ош облусунун ИИБнын ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттүү - Baleket.kg
Ысык жаңылык

Ош облусунун ИИБнын ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттүү

Baleket.kg — 2022-жылдын 21-февраль күнү Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев иш сапары менен Ош облусунда болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Алгач Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын адаттагыдай ар дүйшөмбү күнү Мамлекеттик Туу көтөрүү аземине катышты. Туу көтөрүлүп, мамлекеттик гимн аткарылганда Султанбек Жоошбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен тааныштырып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Курсан Камчиевге «Мыкты ардагерлер кеңешинин төрагасы» деген наамды тапшырды.

Ушундай эле наамдарды төрага менен Ош облусунун аймагына кызматтык сапары менен келишкен Нарын ОИИБнин, Жалал-Абад ОИИБнин, Баткен ОИИБнин, Бишкек ШИИББнын жана Ыссык-Көл ОИИБнин Ардагерлер кеңештеринин төрагаларына ыйгарды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Ош ОИИБдин буйругунун негизинде министрликтин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы менен куттуктап, аталган кызматтын айрым кызматкерлерин министрликтин медалдары жана грамоталары менен сыйлады.

Бул иш-чара салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx