
Baleket.kg — 2022-жылдын 3-мартында Ош облустук Ички иштер башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине жол коопсуздугун камсыздоо жана техникалык базасын чындоо максатында, 5 даана ылдамдыкты өлчөөчү жабдуу (Радар) жана 12 атайын жабдыгы менен жабдылган кызматтык автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.
Бөлүнүп берилген радар жана кызматтык автоунааларды, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов тапшырды.

Берилген кызматтык автоунаалар Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнө бөлүнүп берилди.
Аталган кызматтарга тапшырылган кызматтык унаалар бөлүнгөн аймакка жол кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чара жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти.
Булак: Baleket.kg