Ош аэропортунда мыйзамсыз алып бара жаткан алтын буюмдар кармалды - Baleket.kg
КоомЫсык жаңылык

Ош аэропортунда мыйзамсыз алып бара жаткан алтын буюмдар кармалды

Baleket.kg — 2022-жылдын 19-март күнү саат 19:30дар чамасында, Ош ОИИБдин кызматкерлери менен Түштүк бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан 4 жаран кармалган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жагдай Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар топтолгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын жарандары: 51 жаштагы М. Л. атту жарандан салмагы 500 граммды түзгөн ак алтындан жасалган зергердик жасалгаларды ( эки даана билерик, бир даана шакек жана бир даана моюга тагуучу жынжырча), 51 жаштагы М.Т. аттуу жарандан (аял киши) салмагы 430 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар ( эки даана шакек, бир даана билерик, бир даана моюнга тагуучу жынжырча),

27 жаштагы Н.Н. аттуу жарандан салмагы 504 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар (бир даана шакек, эки даана билерик, бир даана моюнга тагуучу жынжырча) жана 23 жаштагы М.Н. аттуу жарандан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергерлик жасалгалар (эки даана шакек, эки даана билерик жана бир даана моюнга тагынуучу жынжырча) баары болуп 1 кг.972 грамм алтындан жасалган зергерлик жасалгаларды тагынып өтүп бара жатышкан жеринен, Ош Эл аралык аэропортунда кармалышкандыгы аныкталган.

Бүгүнкү күндө аталган атуулдардын көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx