Он чакты адам Шаирбек Ташиевди коргоп, митингге чыгышты - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Он чакты адам Шаирбек Ташиевди коргоп, митингге чыгышты

Baleket.kg — Депутат Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыртууга каршы болуп Жогорку Кеңештин алдына он чакты адам митингге чыкты.

Алар Ташиев эл тарабынан 20 миң добуш алып шайланганын белгилеп, аны кетирүүгө эч кимдин укугу жок экенин айтышууда.

«Шаирбек Ташиев мандатын тапшырат экен дегенден бери биз тынчыбай жатабыз. Элдин жүгүн жеңилдетем деп келсе, агаң жогорку кызматта отурат, сен кетишиң керек дегенге кимдин акысы бар? Биз аны кетирүүгө жол бербейбиз», — деди акцияга чыккандардын бири Куштарбек Кыдыралиев.

Айта кетсек, 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын туугандары аралашкан “Кыргыз мунай газ” мекемесиндеги бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жооп берген.

Анда элдин нааразычылыгынан улам бир тууганы Шайырбек Ташиев мандатын тапшырып берээрин билдирген.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx