Окуучунун 7 сомдук тамагын жеп көрдүңүзбү? Айдарова аткаминер менен айтыша кетти - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Окуучунун 7 сомдук тамагын жеп көрдүңүзбү? Айдарова аткаминер менен айтыша кетти

Baleket.kg — Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен айтыша кетти.

Депутат Социалдык саясат комитетинин жыйынында аткаминерге «Мектепте бир баланын ысык тамагы үчүн 7 сом каралган, ошол акчага жасалган тамакты жеп көрдүңүзбү?» деп собол салды.

«Бул жерде отурган ар бириңиздерге суроо, ушунчалык бала-бала, мамлекет үчүн деп жатабыз. Калп эле күйүмүш болуп, кулакка «лапша» илип жатабыз. Чындыкты карайлы. Бирөөңүздөр кирип 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүздөрбү? Жөн эле айтып көрсөңүздөр «жок же ооба» деп эле. Мага кызык болуп жатат», — деди анда Айдарова.

Андан соң депутат менен министрдин орун басарынын суроо-жобу төмөнкүдөй уланды:

Жусупбекова: — Азык-түлүк кымбаттай электе кирип, карап эле жүрчүбүз, тамак жеткирүүчү компаниялар менен тендер өткөрүп турганбыз. Кийин кымбаттаганда Финансы министрлигине бардык, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте кат дагы жаздык.

Айдарова: — Менин суроомо эле жооп бериңиз, башка эч нерсенин кереги жок. Кирип жеп көрдүңүзбү деп жатам. Кымбат-арзаны тууралуу сураган жокмун. Бул баарына тиешелүү, кааласаңыз жаныңыздагы ага-эжекелер жооп берсин.

Жусупбекова: — Келиңиз, суроо бергенден кийин мага дагы жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз.

Айдарова: — Балаңызды же небереңизди жетелеп барып жеп көрдүңүзбү, жөн эле кызыгып?

Жусупбекова: — Суроого жооп бергенге мага мүмкүнчүлүк бериңизчи, суранам.

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Айдарова: — Мүмкүнчүлүк берсем, суроонун айланасында айланып жүрөсүз. Кыска эле айтыңыз болду.

Жусупбекова: — Мен айланып жооп берип жаткан жокмун. 1-4-класстын окуучуларына үч жолу тамак жасабайт, бир жолку ысык тамак. Анан 7 сомду өзүнчө албайт, ал жалпы жасалат. Азыр кыйналып жатабыз, оор болуп жатат. Азыр компот менен бир булочка бергенге мажбур болуп турабыз. Чындыкты ачык эле айтып жатпайбызбы.

Айдарова: — Макул, арзан убагында дагы жеп көрдүңүз беле?

Жусупбекова: — Арзан убагында дагы жегенбиз, азыр да кирип көрүп, кыйналып жатабыз. Мына Ысык-Ата районунда тендер алты жолу кайра жарыяланды.

Айдарова: — Жок, ачык айтканыңызды билип жатам, кымбаттаганга чейин жана андан кийин жеп көрдүңүзбү? Анын баарын түшүнөм бюджетке келип такалып жатат. Мен ортодогу айырманы эле сурадым, башка эч нерсенин кереги жок.

Жусупбекова: — Арзан кезинде (азык-түлүк) жеп көрдүм, абдан даамдуу, жакшынакай жасалган тамак. Кымбаттагандан кийин да көрдүм, айла жоктон компот менен булочкага өттүк.

Аягында депутат мектептердин тамагын текшерүү үчүн айттырбай күтүүсүз жерден барууну сунуштады. Буга Жусупбекова макул болду.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x