Окуучуларга кыштын күнү ысык тамак менен чай эмес, компот берилүүдө - Baleket.kg
КоомСаясатЫсык жаңылык

Окуучуларга кыштын күнү ысык тамак менен чай эмес, компот берилүүдө

Baleket.kg — Азык-түлүк кымбаттагандыктан, айрым мектептерде окуучуларга булочка, компот берүүгө өттүк. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди. Мындан улам, коомчулукта «Кыштын күнү сүттөлгөн ысык чайдын ордуна, компот беришеби?» деген суроолор туулган.

Жыйында эл өкүлү  Айгүл Айдарова министрдин орун басарына «Мектептердин ашканасына кирип, жети сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?» деп собол салган.

«Арзан кезинде жеп көргөм. Абдан даамдуу болчу. Бирок азыр азык-түлүккө болгон баа абдан өсүп кетти. Баалар кымбаттай баштаганда жеткирүүчү компаниялар да келбей калды. Бул боюнча Каржы министрлигине бир нече жолу кат жөнөттүк. Башталгыч класстарга бир эле жолу тамак берилет. Бул жаатта абал оор, кыйналып жатабыз. Тамак-аш сатып алуу кыйындагандыктан компот менен булочкага өттүк», — деп, депутаттын суроосунан айланып качып олтуруп, араң жооп берген Жусупбекова.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx