Облустук телеканалдар КТРКнын карамагына өтөт - Baleket.kg
Саясат

Облустук телеканалдар КТРКнын карамагына өтөт

Baleket.kg — Облустук телеканалдар Коомдук телерадио берүү корпорациясынын карамагына өтөт. Бул тууралуу КТРКны башкаруу маселелерин жөнгө салуу тууралуу сунушталган мыйзам долбоорунда жазылат.

Учурда КТРКнын түзүмүнө Республикалык радиотелеборбор, Дооронбек Садырбаев атындагы «Кыргызтелефильм» студиясы кирет. Эми ага облустук телеканалдарды дагы кошуу демилгеленди. Бүгүнкү күндө алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш ийет.

Буга чейин, министрлер кабинети КТРКны башкаруу маселелерин жөнгө салуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Анда телеканалдын макамын «улуттук» кылып өзгөртүү, Байкоочу кеңешин жоюп, башкы директорду президент тарабынан дайындоо сунушталууда.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx