
Baleket.kg — Бишкекте оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанда каттоого коюлган чектөөнү алып салууну жактаган жарандардын жолугушуусу өттү.
Япониядан Кыргызстанга оң рулдуу жаңы автоунааларды алып келүүгө жана каттоого уруксат берүү идеясын колдогондордун алгачкы жолугушуусу болуп, аны колдоп 300дөн ашуун адам келген. Алардан 200 киши мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, кол коюшкан.
Белгилей кетсек, бир катар жарандардын өтүнүчү менен оң рулдуу автоунааларды ташып кирүүгө коюлган чекти алып салуу боюнча депутаттар тобу мыйзам долбоорун даярдап жатат.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов мындай темир тулпарлардан улам жол кырсыгы болуп жаткандыгын жүйө келтирип, бул демилгеге макул эместигин билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да бул сунушка каршы экендигин баса белгилеп айткан.
Булак: Baleket.kg