Nur tv’нын кызматкерине депутаттын жээни кол салганы кабарланды - Baleket.kg
СаясатЫсык жаңылык

Nur tv’нын кызматкерине депутаттын жээни кол салганы кабарланды

Baleket.kg — Nur телеканалынын кабарчылары Ош шаарындагы окуяларды тактоо үчүн Ош шаарынын вице-мэри Жазур Азимовдун иш бөлмөсүнө келишкен.

Нөөмөт күтүп олтурган кабарчылар менен белгисиз жарандардын ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, телеканалдын операторуна кол салуу болгон.

Жыйынтыгында оператордун илебинин оң тарабы айрылып кеткен. Учурда анын ден соолугу канааттандырарлык.

Алдынала маалыматтарга караганда, ал депутат Айбек Осмоновдун Баялы аттуу жээни экени айтылууда.

Окуя учурунда тасмага түшүрүүгө мэрия кызматкерлери тарабынан тоскоолдук жаралып, тыюу салынган.

Дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн оператордун абалынын жыйынтыгын билүү үчүн Ош шаардык ооруканасына барган журналисттерге ооруканын дарыгерлери маалымат берүүдөн баш тартып, жаа бою качышкан. Себеби, окуя болгон күнү кол салган жарандар да барышкан.

Окуянын чоо-жайын толук билүү үчүн журналистер мэриянын байкоо камерасына түшкөн тасманы көрүүгө уруксат сурашканда, мэрия мурунку түнү байкоочу камералар өчүрүлүп, кайрадан жанбай калганын айткан.

Мэриянын шалаакылыгын ушундан билсек болот.

«Муну менен алар депутаттын жээнин коргоп жатышабы?» — деген суроо туулат. Демек, бийлик колдо болсо, баарын кыла берсе болот турбайбы…

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!

Телеканал тарабынан милицияга арыз жазылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Baleket.kg

Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx
()
x