Назира Айтбекова: Макоону макоодой сүйгөнгө аракет кылып көрөйүн дедим - Baleket.kg
Шоу-бизнесЫсык жаңылык

Назира Айтбекова: Макоону макоодой сүйгөнгө аракет кылып көрөйүн дедим

Baleket.kg — Ой толгоосун интернет баракчасына бөлүшүп келген белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова бул ирет адамдарды кемчилиги менен кабыл алууга чакырды. Анда:

— Адамдарды ак — карага бөлмөй адатым бар экенин кечээ аңдадым. Кенедей да катасын кечирбей, дароо чийип салам жашоомдон. Демек, мен чийген эрежеге туш келбейт деп ойлойм.

Ар бирин чыпкалай берип, тегирмендин ташынан бүкүлү чыккан дээрлик жан жок. Анан “Мен кандай болсом, аңгегим менен дөңгөгүмдү кабыл ал!” — деп кыйкырам… интернетти жаңыртып. Эгер мен адамдарды ар кандайын кабыл албай жатсам, алар мени кантип кабыл алат?

Бир агам “Сойку таанышым бар. Анын ишин эске албай, эркектигимди ойготпой-этпей, тек гана адамгерчилиги менен сүйлөшүп олтурам» деди. Анын аркалаган иши, аял экени унутулуп, адам экени эле калганы керемет эмей эмне?!!

Билимдүү — билимсиз, айылдык — шаардык, чечинген — кийинген, дини бар — дини жок, иши бар — иши жок, сабаттуу — сабатсыз, арамдыгы бар — арамдыгы жок, катасы бар — катасы жок, бузулган — бузулган эмес, түндүк — түштүк, мансабы бар — кедей ж.б. болуп миллионго бөлүнөбүз.

Элестет, күн бар деп эмнеге түндү, жай бар деп кышты, жер бар деп асманды, ак бар деп караны чийип сала албайбыз? Биз дүйнөнү төрт мезгили, ысык — суугу, ак — карасы менен кабыл алып жаткан соң, бири бирибизди кабыл алууда эмнеге кыйындык жаралып жатат? Демек, адамдын пейили тарып баратат окшобойбу?!! Эгер баарын бирдей кабыл алып, сүйө албасак… Чоңоюшубуз, жашоону аңдашыбыз керек экенинин дагы бир далили.

Алгачкы кадам жасадым бүгүн. Адамдарды катасы менен кабылдаганга, кемчилиги менен адамдарды бөлүп-жарбай, бирдей, акылдууну акылдуудай, макоону макоодой, арыкты арыктай, торукту торуктай, аңгеги менен дөңгөгүн кошуп сүйгөнгө аракет кылып көрөйүн дедим. “Косяк” кетирген бир адамды таң атпай кечирип, мен аны катасы менен кабыл алып, жакшы көрөөрүмдү билдирдим, — деп жазган.

Булак: Baleket.kg

Телеграммга кириңиз, кызыктар сизди күтөт!
Катталуу
Сиздин пикир маанилүү!
guest
0 Комментарий
Баардык комментарийлерди көрүү
Back to top button

This site is protected by wp-copyrightpro.com

0
Өз оюңуз менен бөлүшүңүзx